Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.

Курманкул Зулушев билдиргендей, экс-президенттерден кол тийбестик укугу алынып салышы керек.

"Экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Ал президенттин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликке тартылышы, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Бул норма бүгүнкү учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын нормаларына карама-каршы келет. "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынан бул берене алынып, күчүн жоготушу керек", - деди Зулушев.

Исхак Масалиев: "Бул абдан коомчулукка талкууланган долбоор болуп жатат. 2006-жылы, 2010-жылы, 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилгенде экс-президентке кол тийбестик норма алынган кызматты тапшыргандан кийин мыйзам алдында бардыгы тең болушу керек деген сөз болгон. Ушул себептен долбоорду киргизип жатабыз. 2011-жылы экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Алмазбек Атамбаев сунуштаган болчу. Кийин Юстиция министрлиги бул долбоорду жөнөтүп, бизге жетпей өкмөттө калып калган", - деди.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде 1-окууда жактырылды.

Курманкул Зулушев: "Коррупциялык кылмыштарды жасаган экс-президенттерди жазасыз калтырбаш үчүн кол тийбестигин алуу зарыл."
Исхак Масалиев: "Экс-президенттерди жоопко тартууга жолтоо болгон баш мыйзамдагы беренелерди жокко чыгарып жатабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан