Бийлик Конституциялык реформа жасабаса 2019-жылдын январынан "Кумтөрдү" өлкөгө кайтаруу боюнча кол жыйнайбыз. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Азимбек Бекназаров "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйында айтты.
"Жээнбековдун курултайга келбегени ага "минус" болду. Экстерди резиденцияда кабыл алып, 47 партия чогулган курултайга келбей койду. Жээнбеков жөнөткөн өкүлдөр ар партиянын жыйынында жүрөт. Президентке Конституциялык реформа жасоо талабын койдук. Ишке ашпаса 2019-жылдан баштап "Кумтөрдү" мамлекетке кайтаруу боюнча кол чогултабыз. Талаптар ишке ашпаса, биз өзүбүз Конституция жазабыз. Бул курултайда Жээнбековго аванс берилди. Жээнбековдун маселесин кийинки курултайда карайбыз", - деди Бекназаров.
Айта кетсек, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өткөн. Анын аталышы - "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".
Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышты. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров,Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар болду. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев, Курманкул Зулушев келишкен.