Социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тарады.
Видеону социалдык тармактарга жүктөгөн колдонуучу төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.
"Кечээ кечинде менин досторум жолдон өтүп бара жатып, кыйкырган үндү угушкан. Жардам сурап кыйкырган үн Хонда Фит үлгүсүндөгү таксиден чыккан. Унаанын ичинде сыртка чыгууга аракет кылып жаткан аялдын жана аны кармап отурган эркек киши болгон. Эмне болгонун аныктоого мүмкүн болгон жок. Анткени аял качып кеткен, ал эми айдоочу унаасында жашынып алган".
Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, алар окуя териштирилип жатканын билдиришти.
"Окуя боюнча арыз келип түшө элек. Бирок аталган видео тууралуу кабарыбыз бар. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти шаардык милициядан.