Буга чейин Ош ОИИБинин басма сөз кызматы 21-ноябрда 31 окуучунун катышуусунда массалык мушташ болгондугу тууралуу кабарлаган.
Мушташтын кесепетинен Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н. уулу Н. денесинин ар жеринен миздүү нерсе менен жаракат алып, Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилгени айтылган.
Ал эми басма сөз кызматы билдирген жаңы маалыматтарга ылайык, бейтаптын денесинде 9 жаракат бар жана анын абалы оор, бирок туруктуу. Окуя болгон жерден табылган учтуу предмет экспертизага жиберилген.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам топту көргөн балдар кача башташкан, буга карабай алардын арасындагылар жабырлануучуну учтуу нерсе менен сайып кеткенге жетишип калышкан. Окуя боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган 31 бала тең сурак берүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Жабырлануучу 9-классты аяктап, Жоош айыл өкмөтүндөгү кесиптик лицейде билим алып жаткандыгы аныкталган. Аны окуу жайдын балдары кемсинтип, бир нече жолу чыр-чатак чыккан. Мындан улам ал өзүнүн мурунку классташтарын ээрчитип алып, өч алуу үчүн барган.