Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Соростун "Ачык коом" фонду Түркиядагы ишмердигин токтотот. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, мындай чечим өлкө президенти Режеп Тайип Эрдогандын катуу сынынан кийин кабыл алынган. Президент Жорж Соросту өлкөлөр ортосундагы ажырымды козутууда деп айыптаган. Анын пикиринде, Сорос 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында тургандарды каржылаган.
Бирок "Сорос" фонду мындай дооматтардын баарын четке кагып, алар дүйнөдө жарандык укуктарды коргоо багытындагы долбоорлорду колдоп келе жатышканын билдирген.