Орусиянын Омск шаарындагы канатын сындырып алып ветеринарга өзү барган көгүчкөн тууралуу окуя талкууланууда. Интернет колдонуучулар көгүчкөндүн акылына таң берип жатышат.
Полина Смыслова аттуу ветеринар көгүчкөндүн сүрөтүн өз баракчасына жайгаштырып:
"Канатын сындырып алган көгүчкөн менин таанышым иштеген ветеринардык клиникага келип айнек эшикти чокулаган", - деп жазган.
Смыслованын айтымында көгүчкөн жардам берүү үчүн жанына келген ветеринардан качпастан, жоошуп колуна түшүп берген. Дарыгер анын канатынын түбүндөгү ийин сөөгү сынганын аныктаган. Көгүчкөнгө Френк деген ысым ыйгарылып, операция жасалган.
"Операция анча деле оор болгон жок. Бактыга жараша, сөөк майдаланган эмес. Сынган жерге темир шиш коюп операция жасалган. Эми ал шишти алып салдык. Учурда Френк канатын жайып калды. Учууга даяр. Мына ушинтип биз дагы бир канаттууга көк асман тартууладык. Азыр көгүчкөнгө багып ала турган кожоюн издеп жатабыз. Анткени ал өзгөчө породага кирет", - деп жазган Смыслова.