Депутат Эльвира Сурабалдиева: "Саясаттын арты менен жакшы көрүнөм деген ээрчиме саясатчылар токтобой жатат"

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жооп берди.

Ал саясатка эмес, экономикага көп көңүл буруу керектигин айтты.

“Саясаттын арты менен жакшы көрүнөм, жаман көрүнөм деген эски саясатчылар токтобойт. Биз муну токтотуп, экономикага көңүл бурушубуз керек. Саясаттагы пикир келишпестик оюндар болгону үчүн артта калып жатабыз. Ошондуктан жаш саясатчы катары эски саясатчыларга кайрылып, суранам. 25 жылдан бери мамлекетти башкарып келишти. Эми алардын милдети жаш саясатчыларга жол көрсөтүү. Өнүккөн өлкөдөгү саясатчылардын баркы бар. Ошондой эле алар чоң иш-чараларга кеңешчи болушат. Ал эми биздикилер жакшы көрүнүп сүйлөсөм жакшы бир кызматка ээ болуп калам деген ой менен жашап жатышат. Кыргыз мамлекетинде оппозиция жок болбойт. Бийликке жагынып, жеке кызыкчылыкты көздөп жашабай, мамлекеттин эртеңки келечегин ойлойлу”, - дейт Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова жана Калича Өмүралиеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан