Депутат Рыскелди Момбеков: "Өлкө башчыбыз жасалма эмес, жандуу оппозицияга муктаж"

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди.

Ал Сооронбай Жээнбеков акылдуу эмес, акыйкат адамдарга муктаж деген пикирде.

“Оппозиция президентке кошомат кылып жагынанайын деп же кызмат, устукан алайын деп кыймыл-аракеттерге барып жатабы? Менин оюмча, Сооронбай Шарипович чыныгы күчтүү оппозицияга муктаж. Чыныгы оппозиция болсо, бийликтин чыңалышына өбөлгө түзмөк. Сооронбай Шариповичти жакшы билем, ал ачуу чындыкты бетке айткан адамдарды жакшы көрөт. Андыктан өлкө башчыбыз жасалма эмес, жандуу оппозицияга муктаж”, - дейт Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева, президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова жана Калича Өмүралиеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан