Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.
"Кеп президентке же премьер-министрге оппозиция болууда эмес, жүргүзүлүп жаткан саясатка альтернативдүү көз караштын болуусунда. Мыйзам боюнча, саясий күрөш парламентте жүрүшү шарт. Өкмөттү түзгөн коалициялык көпчүлүккө каршы оппозициялык азчылык күрөш жүргүзүшү керек, тилекке каршы, андай болбой жатат. Бизде системдик оппозиция кагаз түрүндө бар болсо, чынына келгенде жок. Жалаң эле өз кызыкчылыгын көздөгөн партиялар, бийликке кошоматчылык кылган саясатчылар. Кошоматчылык бир эле системдик оппозицияда эмес, кече курултай көрсөткөндөй системден сыртта калган оппозицияда да уланып келе жатат. Бийликке оппозициянын, болгондо да мамлекеттин өнүгүүсүнө өзүнчө көз карашы бар оппозициянын болушу абадай керек. Антпесе өнүгүү болбойт", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, пезиденттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова жана Калича Өмүралиеванын пикири бул шилтемеде.