10 ай ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешеси 120 миллиард сомго жакындаган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь-октябрь аралыгында Кыргыз мамлекетинин бюджеттик кирешелери 119 миллиард 866 миллион 3 миң сомду түзгөн. Ал эми 106 миллиард 680 миллион 4 миң сом республикалык бюджеттин чыгашасы болгон. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин кирешелери 16 миллиард 8 миң сомду түзгөн.