Депутат Бекешев айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режимди мөөнөтсүз киргизүүнү сунуштоодо

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешев чет мамлекеттерден Кыргыз өлкөсүнө көптөгөн жарандар келип жатканын айтты.

"Аймактардан бери үйлөрүн туристтерди кабыл алганга ылайыктап, шарттарын түзүп алгандар көп. Сырттан келген жарандарга 60 күндүк визасыз режимди киргизип берсек туристтердин саны көбөйүп, өлкөнүн бюджетине каражат түшөт. Бул маселени кечээ комитеттин жыйынында талкуулап, 2030-жылга чейин киргизүү керек деп кабыл алынган. Бирок, мен визасыз режимди мөнөтсүз киргизүүнү сунуштагам", - деди депутат.

Маалыматка ылайык, Румыния, Болгария, Кипр, Чили, Аргентина, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Мариного 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү сунушталууда.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов визасыз режимди колдой турганын билдирди.

"Өлкөгө зыянын тийгизбесе эле колдоого алууга даярбыз. Бирок туристтерди тартып, каражат табуу максатын көздөп төрт тарапты ачып коюуга болбойт" - дейт Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ady-88
2018-11-28 12:14:12
Бул деле саткын баары саткын соз жок. Айрым мамлекеттердин арасында созсуз кытай болот
+2
CEO1
2018-11-28 12:36:11
Эгер чындап эле жогоруда аты аталган олколор болсо мейли, алардан кыйратып деле турист келбейт. Бирок Кытайга 3 кунго да уруксат бербеш керек визасыз журууго.

Негизи кытайларга квотаны жою керек. Кытайлар жок эле жашап келгенбиз, жашай беребиз...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан