25-ноябрда Орусиянын Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде жол кырсыгына кабылып каза болгон 28 жаштагы Камчыбек аттуу жарандын жансыз денеси бүгүн кечинде Кыргыз өлкөсүнө жиберилет. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты.
"Шаардагы өлүк сактоочу жайлардын биринде кырсык болгон күндөн бери ар кандай документтерди бүтүрүп жүрдүк. Маркумдун денесин өлүкканадан алуу үчүн сөөк ээсинин туугандыгын тастыктаган, фамилиясы бир адам керек. Камчыбектин денесин анын эжеси менен чогуу чыгарып алдык. Чогултулган каражат документтерди ырастап учакка салууга жетти. "Жүк-200дү" учакка жүктөдүк. Москва убактысы боюнча бүгүн кечинде сапарга чыгат", - деди аталган фонддун өкүлчүлүгү.
Орусияда такси айдап жүргөн Кыргыз жараны жол четиндеги мамыны сүзүп, жанында бараткан 28 жаштагы адам каза болгону тууралуу маалымат буга чейин жарыяланган. Маалым болгондой, кырсык Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде 25-ноябрь күнү кечинде орун алган. Кырсыктан Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 28 жаштагы Камчыбек аттуу тургуну каза болгон.