Египеттик белгилүү футболчу, "Ливерпуль" клубунун оюнчусу Мохаммед Салах кароосуз калган жаныбарларды чет өлкөгө чыгаруу боюнча долбоорго каршы экенин билдирди. Бул тууралуу оюнчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Өткөн жумада египеттик "Аl-Masry Аl-Youm" басылмасы министрлик долбоордун негизинде 2 миң 400 мышык жана 1 миң 600 итти өлкөдөн чыгарганга даярданып жатканын жарыялаган. Ошондой эле министрликтин маалымат кызматкери жаныбарлар атайын вакцинациядан өтүп жана өлкөдөн чыгарылууга даярдалып жатканын жергиликтүү телеканалдардын бирине айткан.
Бул маалымат көпчүлүккө жакпай жаныбарларды коргоо уюмдары өз нааразычылыктарын айтып, социалдык тармактарда ар кандай акциялар башталган.
Акциялардын бирин колдоо максатында Мохаммед Салах мышыктар менен түшкөн сүрөтүн жарыялап "Мышыктар жана иттер өлкөдөн чыгарылбайт" деп жазган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар спортчунун мындай кадамын колдоодо.