Саламаттыкты сактоо министрлиги: "2,7 миллион долларга медициналык жабдуулар алынат"

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 11 миллион доллар каражатынын 2,7 миллион доллары жумшалбай калганын бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган каражатка жыл аягына чейин медициналык жабдуулар сатып алынат.

"Дагы бир ай убакыт бар, тендер жарыяланган, анын жыйынтыгы чыкса, жабдуулар сатып алынат. Эгер жетишпей калсак, каражат келерки жылдын эсебине өтөт",- дейт Каратаев.

Жогорку Кеӊеште 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан