Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.
SUPER.KG порталынын "Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?" деген соболуна саясатчы Азимбек Бекназаров жооп берди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш, өкмөт жана соттор өздөрүнүн милдеттерин аткарбайт.
"Тең салмактуулуктун бузулушуна бийлик бутактарында отурган чиновниктер күнөөлүү. Өздөрүнүн Конституциялык функцияларын президенттин пайдасына тарттырып жиберген. Жогорку Кеңеш, өкмөт, соттор өз милдеттерин аткарбайт. Конституциялык функцияларын аткарбай президенттин көзүн карап отурушат", - деди Бекназаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина, экс-депутат Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчилер Марс Сариев жана Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.