Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.
SUPER.KG порталынын "Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди. Ал кайсы бир бийлик өзүнүн ыйгарым укугунан чыгып кеткенде тең салмактуулук жоголот деген пикирин билдирди.
"Эгерде Конституцияда каралган ар бир бийлик бутагы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпаса тең салмактуулук болот. Кайсы бир учурда бирөө чегинен чыгып кеткенде же башка бирөөнүн ыйгарым укугуна кийгилишип баштаганда тең салмактуулук жоголот. Мисалы, мурункуга караганда азыркы Конституцияда президенттин ыйгарым укугу чектелүү. Азыр тескерисинче, премьер-министрдин ыйгарым укугунда чек жок. Эгерде президент өзүнүн чегинен чыгып аткаруу бийлигине кийлигишип баштаса, өзүнүн партиясы бийликте болсо, ошол аркылуу өкмөттүн курамын курап жатканда кийлигишсе, Конституция бузулуп, иштебей калат. Ошондуктан кийлигишүү болбошу керек", - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясий серепчилер Марс Сариев жана Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.