Курманбек Осмонов "Ата Мекен" партиясынын депутаттык комиссияга жасаган ишине нааразычылыгын билдирди
"Биз комиссиянын ишин жыйынтыктадык дегенден кийин эле "Ата Мекендин" депутаты Бактыбек Калмаматов кечээ Абдулла Юсуповго байланыштуу видеотасма көрсөттү. Ал тээ качанкы видеотасма экен. Мен Калмаматовго айттым, "депутаттык комиссия иштеп жаткан учурда эле көрсөтпөйт белең" деп. Мындай пикирди бүгүн ЖКда депутат Курманбек Осмонов билдирди. Анын айтымында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттык комиссиянын ишине жасаган мамлеси туура эмес.