Шашылыш билдирүү! 30-ноябрдан тартып абанын температурасы кескин төмөндөйт

30-ноябрдан тартып абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, 30-ноябрдан тартып туруксуз аба ырайы күтүлүп, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймагында жана Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектерине кар түшүшү күтүлүүдө.

"1-2-декабрь күндөрү күн кескин сууктайт. Мындай аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү пайда болот", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 29-ноябрдан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун айрым чакырымдарында кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Мындан улам унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан