Социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин мэриянын жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара иштөөсүн уюштуруу жөнүндөгү буйругу жарыяланды.
Буйрукка ылайык, мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл. Иш сапарга чыгып келгенден кийин 3 күндүн ичинде жазуу жүзүндө отчёт берүүгө милдеттендирилет.
Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө биринчи вице-мэр М.Адылбековго жүктөлгөнү жазылган.
Буйрук "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн жана маалымат саясатындагы коопсуздукту сактоо максатында чыгарылганы да айтылат.