Бишкек шаарынын Ак-Бата конушундагы №43-мектеп 180 балага ылайыкталган. Бирок ушул тапта анда 1 200 окуучу билим алып жатат.
Буга байланыштуу 28-ноябрда Балдарды коргоо борборунун демилгечи тобу жаңы мектеп салынсын деген талап менен акцияга чыгышкан. Бул тууралуу борбордун башчысы Кумар Эргешова билдирди.
Анын айтымында, 180 орунга ылайыкталган мектепке Ак-Бата, Ак-Жар жана Адилет конуштарынан окуучулар келет.
"Бирок мектеп тар. Бир кабат болгон кичинекей мектепте он эле класс бар, балдар кысылып отуруп окушат. Мектептин ичине кирсең аба жетишпейт. Беш жылдан бери өкмөт курулат деп куру убадасын берип келе жатат. Балдарды деле аяшыбыз керек да. Мындан улам биздин демилгечи топ бүгүн тургундардан кол топтодук. Эми тиешелүү тараптарга кайрылабыз", - деди ал.
43-мектеп 1-4-класска ылайыкталып курулган, бирок анда 1-9-класска чейин окутулууда.