Нурлан Мотуев эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө 1 жыл абакта отуруп чыкканын жана ал жакта спорт менен машыкканын айткан.
"Тирүүмүн, ден соолугум жакшы, анын үстүнө спорт менен дагы машыгып жаттым. Бир жыл ичинде 40 миң жолу отжимание жасап, 80 чакырым аралыкты чуркап өттүм. Жумасына 3 жолу атайын сейилдөөгө чыкканда да чуркап жаттым. Ошондой эле 5 маал намаз окуп, шариаттын мыйзамдары менен жашадым. Кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары менен жашаган жокмун", - деп жазган Мотуев.
Ошондой эле ал азыркы тапта номер 32-жатак абагында экенин айта кеткен. Жазаларды аткаруу комитети Мотуев жатак абагына которулганын тастыкташты.
УКМК Мотуевге "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 2016-жылдын 13-майында кармаган. Бишкектин Свердлов райондук соту ошол эле жылдын август айында аны жети жылга эркинен ажыратып, сентябрдын аягында жатак абагына которгон.
Бирок Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилген. Көп өтпөй Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нурлан Мотуев жабык абакка которгон.