SUPER TV: Кайырчы: "Неберем экөөбүз кайырчылык кылгандан башка аргабыз жок"

Айчүрөк Зикирова Бишкектин чет жагындагы жаңы конуштардын биринде 6 жаштагы небереси менен чогуу жашап, күнүмдүк жашоосуна, тамак-ашына каражат чогултуу максатында шаардагы соода түйүндөрдүн биринин жанында тилемчилик кылат.

"Өзүм 5 миң сом пенсия алам. Астма менен ооругандыктан ал акча дары-дармектериме араң эле жетет. Күнүмдүк жашообузга, азык-түлүк алууга акча керек болгондуктан неберем экөөбүздүн кайыр сурагандан башка аргабыз жок. Күнүнө болжол менен 200-300 сом табабыз. Ал аз келгенсип, жалгыз кызым бизден акча сурап, кээде анын айынан мени уруп койгон учурлары болот", - дейт ал.

Айчүрөк Зикированын жашаган үйүнүн көрүнүшү да көптөн бери каралбай калган үйдөй элес калтырат. Окуяны толугу менен төмөнкү видеоматериалдан көрө аласыздар.

Тилемчи: “Неберем экөөбүз кайырчылык кылгандан башка аргабыз жок”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pandora
2018-11-28 18:59:42
"Ал аз келгенсип, жалгыз кызым бизден акча сурап, кээде анын айынан мени уруп койгон учурлары болот", - дейт ал.((( Кудайдан кайтсын ылайым! Жалгыз балдарды копчулукто ата-энелер оздору козун карап ашыкча эрке кылып салат.
0
TalaCSKA
2018-11-28 19:53:03
Басып турганыныз тын эле экен астма менен оорусаныз дагы Апа кичинекей болсо дагы уйунуз бар экен жок дегенде ошол уйунузду иреттеп ишиш аяктарынызды жууп иреттеп койсонуз болот эле го.
0
aslan_akjol89
2018-11-29 11:40:05
Тилемчи дебей эле кайырчы деп койсонор болмок экен темасына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан