"Ош базарындагы" жаңы соода имаратынын курулуш иштеринин 1-этабы декабрда аяктап, өрттөн жабыркаган 312 соодагерге соода орундары акысыз берилет. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына "Берекет" соода жайынын директору Жекшен Ильязов маалымдады.
Директордун айтымына караганда, жаңы курулуп жаткан 4 кабаттуу соода имараты 2 этап менен курулат. Курулуш иштеринин биринчи этабы декабрь айында аяктаса, экинчи этап 2019-жылдын март айында аяктайт.
"Жаңы курулуп жаткан имаратты куруп жаткан ишкананын берген маалыматына ылайык, имараттын биринчи бөлүгү декабрда аяктайт. Эң биринчи кезекте "Берекет" соода жайынан чыккан өрт кырсыгынан жабыркаган соодагерлерге орундар берилет. Алардын саны боюнча айтсам, тизмеде 312 адам бар. Андан кийин "Берекет Универсал" соода жайынын соодагерлери көчүрүлөт. Жаңы имараттын 1-кабатына азык-түлүктөрдү сатуу менен алектенген соодагерлер, 2-кабатка кир жуучу каражаттарын жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдардын сатуучулары, ал эми 3-кабат кийим-кече жана кездемелер сатылуучу соода орундарына берилет. Колдонууга берилүүчү имараттын биринчи кабаты сатылары же сатылбасы чечиле элек. Негизи мындай маселелерди базардын жетекчилиги өзү чечет. Өрттөн жабыркагандарга соода орундары бекер берилет. Бир-эки күндө соодагерлер менен жаңы имараттагы соода орундары боюнча келишим түзүлөт", - дейт Ильязов.
Буга чейин "Ош базардагы" өрттөн жабыркаган соодагерлер базардын жетекчилигине карата нааразычылыгын айтышкан.