Бишкекте 29-ноябрда “Өз ВИЧ-статусуңду бил” деген темада коомдук талкуу өтөт. Иш-чара СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Белгилүү болгондой бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган 8 миң 679 учур расмий катталган. Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө илдетти жуктуруп алуу жолдору өзгөрө баштады. 2018-жылы ВИЧ илдетин жыныстык жол менен 384 адам жуктуруп алган. 2018-жылдын 9 айында 605 ВИЧ оорулуу адам аныкталды.
Жыл сайын СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү алдын алуучу программаларга тартылган бардык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирип келет. “Өнөктөштүк тармак” Ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев: “Алдын алуучу программаларда ВИЧти дарылоо үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда олуттуу жетишкендиктерди көрүп турабыз, саясий эрк да бар, мамлекеттик каржылоого өткөргөндөн кийин ВИЧке байланышкан программаларда прогрессти байкоого болот. Бирок дагы өтө көп иштер жасалышы керек. Өзгөчө ВИЧ менен жашаган адамдарга карата улам күчөп жаткан стигманы жана басмырлоону токтотууда көп иштер жасалышы керек”, - деп билдирди.