SUPER.TV: "Бишкектеги "Тез жардам" кызматында иштеген ээсин ээрчип күндө бир нече чакырым жол баскан Хатико"

Интернетте "Тез жардам" унаасын айдаган ээсинин артынан ээрчип, чуркаган ит талкууга түштү. Иттин аты Хатико. Анын ээси Майрамбек Насирдинов ити 3 жылдан бери анын артынан калбай, кайда барса кошо бара турганын айтат.

Анын айтымында, Хатико жолбун күчүк болчу. Ошол кезде ооруп калып, кыйналып жатканда Насирдинов аны үйүнө алып кетип карап, бат эле айыгып кеткен. Ошондон бери бул жаныбар ээсин ээрчип жумушка келип, кайра 15 чакырым аралыктагы үйүнө барат. Мындан тышкары Хатико "Тез жардам" кызматы чакырылган даректерге да унаанын артынан ээрчип барат.

Хатиконун кожоюнуна ишенимдүүлүгүн толугу менен видеодон көрүңүз.

Кыргыз "Хатикосу". "Итим 3 жылдан бери менин артымдан калбай ээрчийт" дейт ээси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ulua
2018-11-29 00:12:48
Байкеша, отурган отургучунуздун алдына жакын жерге Хатикону отургузуп алууга, вам слабо??!Чымын куюн болуп баратып бир куну бир машина коюп кетет анан,,летальный исход, мындай итти бааласаныз, качан кайсы машинанын алдына калат деп журогум ооруду байкушка, началствонуз тушунуу мн кабыл кылса дейм, ошентип места алып берсениз,
+4
ekaterinburg
2018-11-29 07:30:39
ulua,эээ,зачем?Кучуко ошондой кылган жагып атса машинесине салып не кереги бар?Ошол салып алганды да билбейт да ит."Уркот"дегендей,гигиена жагын кароо керек еще."Скорая"болуп атса машине еще.Мейли,машинесине салды дейли,иттин озуно"комфортно"болобу?Ошону ойлонуу керек.Ит деген бул ит да.Так что мен против.
+3
Makedonia
2018-11-29 09:07:32
ulua, Машина озунуку болсо каалаган нерсесин салса болот. А бул, мекеменин машинасы, болгондо да тез жардам кызматынын. Ити таза экенине ким кепилдик берет. Гигиена деген нерсе бар.
+4
ulua
2018-11-29 12:23:49
Makedonia, мен озунун машинасы дегеним жок, коруп турам, скорая!Мен билгенден бейтап жаткан жер мн водительский кабина ортосу жабык болот, жигит врач эмес водитель экен ошого айттым, дээгеле чистуля, стерилизованный болуп кетесинер да,обычный такси айдагандай эле журушот.
-1
Aikaaaa
2018-11-29 09:42:49
ulua, кинолордон көрүп калгансыз го.
Үч жылдан бери ошентип калбай келаткан экен, дагыле ошентип чуркап жүрө берсин. Частный машина болсо бир жөн
+1
Respect.
2018-11-29 13:36:37
Ит дегенди үйгө эле байлап койчу эле...
0
Atas
2018-11-29 14:21:42
Иттерди атып олтурууго мараторий жарыялашыбыз керек деп ойлойм .
Чыркыратып эле атып кетишет байкуштарды .
Эгерде итинерди атып кетсе сотко берсенер болот .
+1
Umakg
2018-11-29 14:59:39
Бир айдай болуп калды мендагы эки кучук багып жатам иштен барсам кадимкидей чуркап чыгат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан