Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, электр жарыгы оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөт.
Электр жарыгы өчүрүлө турган аймактар:
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Келечек конушу;
Саат 9:00дөн 16:00гө чейин "Аламүдүн" базарынын аймагы, Жибек Жолу көчөсүнүн бир бөлүгү, Буденный, Парк, Муса Жалил көчөлөрү;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Көк-Жар конушунун 7-апрель, Ахунбаев, Куйручук көчөлөрү, Коңорчок туюк көчөсү, Ой-Терскен, Тоң, Арстанбап, Көк-Жайык көчөлөрү;
Саат 9:00дөн 16:00гө чейин Каралаев көчөсүнүн бир бөлүгү;
Саат 13:00дөн 15:00гө чейин 12-кичи райондогу №56-59, 57/1-57/5, 69/1-69/3 үйлөр;
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тоголок Молдо, Сыдыков, Табалдиев, Балтагулов көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Каарман, Алтай туюк көчөсү;
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Салам-Алик конушунун Кызыл-Алма, Тоголок Молдо көчөлөрү;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Жогорку Орок конушунун Орок, Кочкор-Ата, Кырк-Кербен көчөлөрү;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Токтоналиев, Шакиров, Ахунбаев, Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
Саат 9:30дан 12:00гө чейин Арча-Бешик конушунун Он-Арча, Тыналиев, Көк-Дөбө, Кара-Коо көчөлөрү;
Саат 10:00дөн 17:00гө чейин Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конушу;
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Алыкулов, Камчатский, Белгород, Мурманский, Архангельск, Ден Сяопин, Садыгалиев, Лев Толстой көчөлөрү.