Депутат Рысалиев: "Коопсуз шаар" жол эрежелеринин сакталышын эле эмес, бүтүндөй коопсуздукту камсыздайт"

"Коопсуз шаар" долбоору жол эрежелеринин сакталышын эле эмес, бүтүндөй коопсуздукту камсыздайт" деп кечээ, 28-ноябрда депутат Зарылбек Рысалиев "Парламент" радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү 33 миллион 180 миң долларга баалаган долбоорго аткарылчу иштердин чөйрөсү өтө тарып кеткен.

"Ушунчалык ири каражат сырттан тартылып келип жаткандыктан, натыйжалуу иштер аткарылууга тийиш. Бардык видеокөзөмөлдөө иштерин бир гана жол коопсуздугун камсыздаган тармак эле эмес, бүтүндөй ички иштер органдары толук өз жоопкерчилигине алышы керек. Видеокөзөмөлдөөчү жабдыктар орнотулуучу электр мамылардын кубаттуулугу да эске алынып, алардын климаттын ар кыл шартына чыдамдуулугу да эсептелип чыгышы зарыл. Ошондуктан "Коопсуз шаар" долбоору бир гана жол эрежелерин сактоого арналган", - деди Рысалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан