Кечээ, 28-ноябрда Бишкек шаарында "КСДП Атамбаевсиз" деген жыйында депутат Ирина Карамушкина барып, чыр салды. Депутат жыйындын жүрүшүн телефонуна тарткан.
Карамушкина менен жыйындын катышуучуларынын ортосунда кайым айтышуу болду.
Жыйында отургандар "прокуратурадан келдиңизби?" деп анын сүрөткө тартып жатканына нааразы болду. Карамушкина: "Мен прокуратурадан келген жокмун. КСДПнын Бишкек аймагы боюнча координатору болом", - деди. Анда жыйында отургандар "Биз сизди тааныбайбыз" деп жатышты.
Активист Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында жыйындарды өткөргөн.