Бүгүнтөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери башталат

Бүгүнтөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунун айрым чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуу менен кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы 132-137-198-265-чакырымдарында кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул иштер 29-ноябрдан 5-декабрга чейин уланат.

Бул аралыкта унаа жолдогу каттам мезгил-мезгили менен жабылып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан