Депутат Эргешов райондон алыс жайгашкан мектептердин абалына көңүл буруу керектигин айтты

Депутат Алмазбек Эргешов райондон алыс жайгашкан мектептердин абалына көңүл буруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Райондон алыс жайгашкан айылдарда мектептердин абалы начар. Аксы районунда 65 мектеп бар экен. Мектептерден арыздар келип жатат. Кээ бир мектептерге парта, компьютер жетишпейт. Кемчиликтер бар деп айтышты. Ушул маселени чечип берүүнү өкмөттөн суранып кетем. Жогорку окуу жайды бүткөн мугалимдер алыскы райондорго баргысы келбейт", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан