Кылычбек Султан. Козголоңчубу, романтикпи же карьеристпи?

Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы мурдагы Атайын жана Ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан бул күздө башкы ньюсмейкердин бири болуп калды.

Учурдагы экс-чиновник Зууракан Каденованын Сеул аэропортунда авиатытыш чыгарышы, чыр-чатак чыккан учурдагы анын жасаган адепсиз кылык-жоруктарын төкпөй-чачпай, кылчактабай туруп эл алдына жайып таштаганга кайраты жетише алды.

Ошону менен бирге ТИМдеги коррупцияны жана анда иштеген чиновниктердин элчиликтер корпусундагы бозомтук схеманы жаап-жашырууга аракеттерин ачыктады.

Коррупция менен күрөшүү аракети анын жеке өз башына тийген залакага айланганына өкүнөрүн да жашырган жок.

Мындан улам ал чет өлкөлөрдүн биринен баш коргоо чарасын сурай турганын билдирди. Бирок андан көп өтпөй капысынан өзү туулуп-өскөн мекенине кайтып келерин жарыялады.

24.kg Кылычбек Султандын карьерасы кандайча башталып, кандай жолду басып өткөнүнө көз салып көрдү.

ГЕЗИТЧИ

Кылычбек Султан - «Супер-Инфо» деген кыргыз тилиндеги нускасы эң көп гезиттин негиздөөчүсү. Кесиби боюнча журналист эмес. Алгач Кыргызстандагы эл аралык университеттин «Бизнес боюнча компьютердик инфомациялык система» багытында билим алган. Экинчи экономисттин дипломуна Ишеналы Арабаев атындагы КМУну бүткөндөн кийин ээ болду.

Экинчи курста окуп жүргөндө эле верстальщик болуп иштеп ММКнын иши - ой-чуңкуру менен таанышат.

2001-жылы «Супер-сканворд» деп аталган алгачкы гезитин ачат, ал эми 2002-жылы болсо «Супер-Инфо» басылмасын негиздейт.

Кыска аралыктын ичинде гезит өз аудиториясын таап, нускасы чагылгандай тез көтөрүлдү. Он жыл өтүп-өтпөй «Супер-Инфонун» нускасы 100 миңге чейин жетип, Кылычбек Султан эл арасында оозго алынып кетти.

Гезиттин нускасы менен кошо анын кожоюну эл ичинде аттын кашкасындай таанымал адамдардын бирине айланды.




САЯСАТЧЫ БОЛУУ ЖИГЕРИ

Кылычбек Султан Жогорку Кеңештин депутаттыгына эки ирет аракет кылды. Биринчи жолу 2006-жылы «Мырза-Аки» бир мандаттуу округу аркылуу, ал эми экинчи ирет 2007-жылы партиялык тизме боюнча. Ал кезде «Эркин Кыргызстан» партиясынын төрагасынын орун басары болчу. Шайлоодо тизме боюнча экинчи болуп катталган эле.

Ошондо эле медиамагнат Кылычбек Султан саясаттан көңүлү калганын билдирген болчу.

«Мен ал кезде шайлоого катышууга бел байлаган учурда депутат болуу үчүн ийине жеткирип иштелген программа, куулук-шумдуктан сырт болуп ак пейилин салуу жана конкреттүү пландарды иштеп чыгуу жетиштүү деп ойлогон экенмин. Шайлоодон кийин адашканымды түшүндүм. Мен анда баёолук кылганыма көзүм жетти. Албетте, азыр бир кыйла токтолуп, түшүнүп калдым дечи. Чын-чынына келгенде бийликке келүү үчүн бардык жолдорду, айла-амалдарды колдонуу талап кылынат экен. Кийин өз мүдөөңдү ишке ашырган соң өз программаңды жүзөгө ашырсаң болот. Арийне, сен мурдагыдан таптакыр башка кишиге айланасың. Ошентип ал жакта апакай болуш мүмкүн эмес. Акыры саясатка киришип кереги жок, гезитиң аркылуу коомго пайда алып келе аласың», - деп ал сөзүн аяктады.



«Эркин Кыргызстан» партиясынын катарын таштап чыгып кеткенден кийин Кылычбек Султан өз гезитин саясаттан алыс кармады.

Ал көз карашын «саясий окуялар боюнча биз аналитикалык материалдарды жазбайбыз. Менин пикиримде гезит саясаттын алкагында калган учурда ал ишенимдүү окурмандарын ченеп, чектөөгө аргасыз болот», - деп түшүндүрдү.

Бирок анын жана эң нускалуу гезиттин саясаттан биротоло тышкары болушу ишке ашкан жок.

2010-жылы парламенттик шайлоодо Кылычбек Султан «Ата Мекен» партиясынын талапкерлеринин тизмесинин №27 болуп катталган эле. Гезит бул саясий уюмдун пайдасы үчүн реклама кампаниясын баштайт.

ЖУРНАЛИСТИКАГА КАЙТЫП КЕЛҮҮ

2008-жылы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кылычбек Султан ЭлТР телеканалынын генералдык директорунун орун басары болуп дайындалат. Белгисиз себептер менен жарым жылдан кийин ал бул кызматынан кетет.

Ошол учурга оро-пара Кылычбек Султан кесиптеш коллегалары менен бирдикте басылма жана мезгилдик басма сөздү элге таратуу Ассоциациясын түзүп, өзү уюмдун башкармалыгынын курамына кирет.

2011-жылы басма сөз жана маалымат күнүнө карата президент Роза Отунбаева тарабынан Ардак грамота менен сыйланат.

2012-жылдан баштап алты ай аралыгында КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасынын милдетин аткарат.

ЧИНОВНИКТИК КЫЗМАТТА ӨЗҮН СЫНАП КӨРҮҮ ТИЛКЕСИ

«Ата-Мекен» партиясы Кылычбек Султанды социалдык өнүктүрүү министрлик кызматына сунуш кылат. Ошол кезде эле 36 жаштагы министр кызмат көрсөтүүнүн электрондук ыкмасын киргизүү зарылдыгын, ар бир башка карата өзүнчө финансылоо демилгесин көтөрүп, пенсияны үй-бүлөнүн жалпы кирешесинен чыгарып таштоону, ошонун негизинде жөлөк пул алгандардын санын 124 миңге жеткирүү сунуштап чыгат.



«Албетте, айтылгандардын баарын бир жыл ичинде жүзөгө ашырып жиберүүгө болбойт, бирок алар алды ойлонуштурган пландарда бар. Ал пландар ишке ашса, социалдык төлөмдөрдү айыл өкмөтү аркылуу жүзөгө ашырса болот эле. Мисалы, майыптарга төлөнгөн каражаттын суммасын аныктоону жергиликтүү органдар ишке ашырышы жөндүү. Артып, башкача айтканда, үнөмдөлүп калган каражаттардан айылда ишканаларды ачып, иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумушчу орундар ачылар эле. Ошондо элеттиктердин кирешеси да жогорулайт болчу. Мезгили келгенде акырындап социалдык көмөккө муктаж болгондордун саны кыскара баштаары күтүлөт. Ошентип жөлөк пулдан тышкары кирешеси жоктордун алган акчасынын көлөмү көтөрүлөт», - дейт ал 24.kg'ге курган интервьюсунда.

Тилекке каршы, анын багар-көрөрү жок жаш балдар, майыптар, кары картаңдарды жөлөк пул менен камсыздоону жогорулатуу боюнча демилгеси өкмөттө колдоо тапкан жок.

2013-жылдын апрель айында, вице-премьер Камила Талиеваны сындын бутасына алгандан кийин Кылычбек Султан өз ыктыяры менен отставкага кетти.

ЭЛЧИЛИК АЙДЫҢЫНДА

Кылычбек Султан дипломатия тармагына 2014-жылдын аяк ченинде келип, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалат. Элчилик миссияны тез эле өздөштүрдү. Элчиликке ким, кайсы киши дайындалганы же кызматынан алынганы кабар болгондо гана кай бир өлкөдө биздин дипмиссиябыз бар экени эскерилип турган мезгилде Куала-Лумпурдан элчилик боюнча ММКда бир кыйла маалыматтар пайда болгону элдин көңүлүн бура баштады.

Кыргызстан жөнүндө белгилүү кинорежиссёр, фотограф жана саякатчы Захариза Хузайманын көп сериялуу документалдык фильмин Малайзиянын Al Hijrah мамлекеттик телеканалы аркылуу көрсөткөнү маалымат мейкининдеги урунттуу окуялардан болуп калды.

Ошону менен бирге элчилик «Менин Кыргызстаным гүлдөп өсүүсүн каалаар элем» деген атталышта дил баяндар сынагын уюштурду.



2016-жылдын август айында бийликтин Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы экенинен билдирип отставкага кетти.

«Мен Конституция 2020-жылга дейре кол тийбеши керек деп жазылганына чын пейилим ишенчүмүн, азыр да ошол позициядан жанган жокмун», - деген эле ошо кезде.

Отставканы кабыл алышты. Бирок да Кылычбек Султан тез эле кайрадан Малайзияга, бул жолкусунда ТИМдин өзгөчө кырдаал боюнча элчиси катары кайтып келди. Кийинчерээк Куала-Лумпурга аны кайра алып барышканы отставкага чейинки дипмиссиядагы мыйзамсыз иштерди иликтөө үчүн керек болгону ачыкка чыкты.

Элчинин айтымында, ал дайындалгандан көп өтпөй Малайзиядагы дипмиссиянын кызматкерлеринин куру шылтоо таап акча өндүрүү, элчилик паспорттор менен мыйзамсыз түрдө соода кылуу, бюджеттик каражаттарга кол салуу иштери менен алектенишкенин билип калган экен.

«2016-жылы Малайзиянын полициясы тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөп берүү жөнүндө каты келип түшөт. Көрсө мындай талаптар мурда деле болуп келген экен, бирок менден жашырып коюшуптур. Машина элчиликке катталган, бирок андай автомобиль биздин балансыбызда жок болчу. Ошентип баасы 100 миң долларды чапчыган машинеге заказ беришип, аны чет өлкөдөн Малайзиянын чек арасында каттоодон өткөрүп алып келишиптир, дипмиссияга таандык деп катташыптыр. Натыйжада элчиликтин мурдагы кызматкеринин аты-жөнү ачыкка чыкты. Машинага дипномер беришет, ошону менен катар айдоочу дайындоо боюнча буйруктун көчүрмөсү да табылды», - деп аңгемелеп айтып берди Кылычбек Султан.

Айтмакчы, машина алып киргенде төлөнө турган каражат, акциздик салык, ар бир жан башынан алынган салык, трансфер жана линцензиялык алымдардан бошотулган экен.

Элчи былык-чылыктар жөнүндө ТИМге кабар бергенде ал машинаны баланстан чыгарып таштоо боюнча талап кылган кат колуна тийет. Алдын ала күткөндөй эле Кылычбек Султан ТИМдин мыйзамсыз талабын ошол замат аткаруудан баш тартат.

Ошого оро-пара Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (ГКНБ) кызматкерлери элчиликте тергөө иштерин жүргүзүшөт, кылмыш иши комитеттин төрагасынын көзөмөлүндө турган эле. Арийне, иликтөө иштери кандай аяктаганы белгисиз, жабык аяк жабык боюнча калып калды. Ал эми Малайзиядагы элчиликтин коррупцияга илешкен кызматкерлери ТИМдин департаментинин башчылары чейинки жогорулаган орундарга барып отуруп калышты.

Өткөн жылы Кылычбек Султан Кореяга дипмиссиянын башчысы болуп кетет.



Бюрократиялык тоскоолдуктарга жана мыйзамсыз иштерге келишпестик жайы бар Кылычбек Султан элчи болуп турганда эле ТИМге тиешеси жок иштерди аткарууга ташырма алганын коомчулукка ачык жарыялап чыккан болчу. Facеbook'тагы жеке баракчасында Инчон аэропортунда окуу-семинар иштери менен келе жаткан аскер кызматкерлерин тобун тосуп алуу боюнча ТИМдин тапшырмасын алганын ачык жарыялап чыккан эле.

«Тосуп алуу үчүн элчиликтин кызматкери башка шаарда жайгашкан аэропортко баруунун өзү эле 100 чакырымдык жол, жолго корогон бензиндин баасы $60 турат, эң башкысы, жумушчу күндүн жарымы ушу ишке сарпталышы керек болот. Мен бул тапшырманы «ляппай» деп ошол замат аткарып жибергенден алысмын, себеп дегенде берилген буйрук мыйзамсыз. Анан да булар расмий делегация эмес, андыктан чиновник аттуунун баарын эле аэропорттон тосуп алууга биз убакытыбызды жана ресурстарыбызды сарптоого милдеттүү эмеспиз», - деп жазат.

Бишкектин тыюу салганына карабай Кылычбек Султан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басары Зууракан Каденованын «Инчон» аэропортундагы авиатытышын ырастап чыкты.

Ошону менен бирге Facеbook аркылуу башка элчилердин колдоо көргөзүп коюшуна чакырган болчу.

«Урматтуу элчилер, жок дегенде ушул жолу, кызматтан бошоп калбаймынбы деп коркпой, лайк (жактыруу белгиси) коюп коюңуздар», - деп жазган эле.

КУУГУНТУК

Бир эмес, бир нече кайрылуусунан кийин Кылычбек Султан Малайзиядагы элчиликтеги коррупция боюнча маалыматты иликтеп чыгуу боюнча Сооронбай Жэээнбеков Коопсуздук кеңешине тапшырма берди. Коопсуздук кеңешинин чечимин Сеулда күтүп жаткан Кылычбек Султан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиевди кызматтарынан убактылуу четтетүүнү суранат.

Тилекке каршы, Коопсуздук кеңеши ойлогондой болбой элчинин өзүнүн тартип бузганын аныктап, өз чечимин Башкы прокуратурага жиберет. Бул чечимди элчи коркутуп-үркүтүү жана куугунтук катары кабыл алганы белгилүү эмеспи. Ал анда прессага чет өлкөлөрдүн биринде баш паанек сураганын билдирген.

«Мен азыркы бийликтен толук көңүлүм кирдеп калды. Мындан ары президент баштап бийликке болгон кенедей да ишеним жок, мен мындай бийликти таануудан баш тартамын. Эгер мамлекет башчысына көптөгөн кайрылуудан кийин Коопсуздук кеңешинин аппаратынын жетекчиси менден бир ооз сурап тактап койбой, жазыксыз жерден каралаган чечим чыгарса, анда кантип мен азыркы бийликтен калыстык күтсөм болот дейсиз. Баарыбызга тең прокуратура да, УКМК да бийликтин колунда экенинин, бийликке кың этпей баш иери дайын. Мен эми Кыргызстанга кайтып келе албайм», - дейт Кылычбек Султан.

24.kg`нин суроолоруна жооп берип жатып ал чыгарган тыянагы туура болгондугуна көзү жеткенин айтты. Өз көзүм менен көрүп ишендим, бийликтин акты кара, караны ак кылып коюшу алар үчүн опоңой иш экен дейт ал. Анын пикиринде, азыркы Кыргызстандын учурдагы сот системасы үстөмдүк кылып турганда адамды оңой эле күнөө тагып, айыпка жыгып жана көп жылдарга кесип жибериши оңой иш.

"Мен үчүн эң башкысы - үй-бүлөмдүн коопсуздугу. Менин чындык үчүн чыркырап жатканымдан мага жакын кишилер запкы тартпашы керек", - дейт элчи.

Кылычбек Султан ата журттун келечеги үчүн мындан кийин да күрөштү уланта берем деген ниетте.


"Азырынча ата мекениме кандайча жардам береримди аныктай элекмин, бирок "сөз учурунда айтылбаса, атасы өлөт", ошондуктан, сөзүңдү өз маалында айтып алышыңдын мааниси ченемсиз экенине көзүм жетти. Убагында айтылган бир сөз миң кайталанып айтылган сөздөн же кандайдыр бир кыймыл-аракеттен кыйла натыйжалуу болоруна ишенем", - дейт Кылычбек Султан.

Ошентсе да Кылычбек Султан өз мекенине кайрылып келгени маалым болду. Ал 24-ноябрга белгиленген оппозициянын курултайына катышарын билдирди. Балким, форумда элчинин өз оозунан кандай окуялар болуп кеткенин, анын бийликти дүрбөлөңгө салган билдирүүсү боюнча кеңири маалымат ала аларбыз.

Булак: 24.kg
Автор: Жазгүл Масалиева
Орус тилинен которгон: Үсөн Касыбеков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан