Орусиянын Оренбург облусунда Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып бара жаткан 18,9 тонна колбаса продукциясы аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда облустун Ветеринардык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда продукциянын документтеринде физикалык-химиялык, химиялык-токсикологиялык жана радиологиялык көрсөткүчтөр боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жок экени аныкталган. Бул азык-түлүккө коюлган талаптардын бузулушу болуп саналат.
Жүк ташуучу тарап административдик жоопкерчиликке тартылып, 18,9 тонна колбаса жөнөтүлгөн жерине кайтарылды.