АКШнын президенти Дональд Трамптын жеке учагы Нью-Йорктогу "Ла-Гуардия" аэропортунда аба лайнери менен сүзүштү. Маалыматты Associated Press басылмасы жазды.
Кырсыкка кабылган учак АКШ ВВС'нин президент колдонгон "Борт №1" учагы эмес, The Trump Organization компаниясына таандык Boeing 757 учагы. Трамп президент болуп шайлангандан бери аталган учакты пайдалана элек болчу.
"Трамптын учагы пайдаланылбастан аэропортто токтоп турган. Ал эми кырсыкка кабылган экинчи учак эки моторлуу бизнес джет учагы болгон. Ичинде 3 экипаж мүчөсү болгон жана кырсыктан жабыркагандар жок", - деп жазат агенттик. Кагылышуу эмнеден келип чыкккандыгы такталууда. Дональд Трамп бул учакты 2011-жылы 100 миллион долларга сатып алган.