Депутат Махабат Мавлянова импортту азайтуу үчүн өкмөт долбоорлорду иштеп чыгуусу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Импорт экспорттон 3 эсеге көп болуп жатат. Өндүрүштөргө шарттарды түзүш керек. Кыргыз-Орус фонду жакшы колдоо көрсөтүү зарыл. Өкмөттүн алдында инвесторлорду кызыктыруу үчүн долбоорлорду иштеп чыгыш керек. Импортту азайтуу боюнча долбоорлор болушу зарыл”, - дейт Мавлянова.
Учурда жыйында ар кандай маселелер каралууда.