АКШда таттуу кебез үчүн кармалган жаран сотко арыз жазды

АКШлык Даша Финчер Монро полициянын үч офицерине карата арыз жазды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 2016-жылы болгон. Финчер менен досу машина менен кетип баратканда полиция токтоткон. Алар унааны тинтүүгө алып көк түстөгү таттуу кебез таап алышкан. Финчердин түшүндүрмөлөрүнө карабастан полиция кызматкерлери кебезди метамфетамин (баңги заты) деп эсептешип аны камакка алышкан.

Үч айдан кийин экспертизанын жыйынтыгы чыгып, көк түстөгү зат баңгизаты болбогону аныкталган. Бирок Финчер эки жума ашык камакта отуруп калган.

Аял өз арызында адилетсиз кармагандарды жоопко тартууну өтүнгөн. Андан сырткары, ал камакка алынган учурда небереси төрөлүп, аны көрбөй калганын жана керектүү медициналык жардам албай калганына нааразы болуп, моралдык жана материалдык чыгымдарды өндүрүп берүүсүн суранган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Istina1000
2018-11-29 12:12:29
Туура, за моральный ущерб толоп беришет. Албетте, мыйзам иштеген мамлекетте.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан