Депутат Руслан Чойбеков балдар ооруканасынын жетекчилерине чара көрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыш мезгили башталганда балдар ооруп башташат. Энелер балдар ооруканага барса, кезек күтүшөт же болбосо бүгүн эс алуу күнү деп кабыл алышпайт. Эмне биз балдарды ишемби, жекшемби күндөрү оорубагыла дейбизби? Эгерде оорукананын жетекчилери элге шарт түзүп бербесе орундарын бошотушсун. Балдар ооруканасында иштеген жетекчилерге чара көрүлүшү керек", - дейт депутат.