Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева Жалал-Абад облусундагы сойкукана боюнча маселени көтөрдү.
“Жалал-Абаддагы сойкуканадагы кыздарды уруп-сабап паспортун алып жатат. Бул тууралуу өкмөт бир жактуу иштерди жүргүзбөй жатат дейт. Бул абдан маанилүү маселе. Облус, райондордо аял кызматкерлер азайып кетти. Үй-бүлө, балдарга карата зордук-зомбулукка каршы кандай иштер жүрүп жатат, так иш жасалганын көрбөй жатабыз”, - деди депутат.
Мындан тышкары Касымалиева милиция бөлмөсүндө каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча маселеге токтолду.
“Кечээ, 28-ноябрда сот отурумунда айыпталуучунун көрсөтмөсүндө менин эсимде эч нерсе жок деп жатат. Жакында эле Бурулайдын ата-энеси менен жолугуп келдим. Чындык издеп ыйлап жатышат. Анын элеси медициналык окуу жайына дагы түшүрүлдү. Зордук-зомбулукка каршыбыз, аялдар балдардын энеси, алардын ден соолугу, психикалык абалы жакшы деген монумент керек. Аймактарда аялдар кеңеши айлык албай иштейт. Ошондуктан иш жүрбөй жатат”, - деп кошумчалады.
Касымалиева өкмөт тиешелүү министрлик зордук-зомбулукка каршы кандай иштер жасалып жатканы тууралуу отчётун парламент жыйынына алып келүүсүн талап кылды.