Депутат Айсулуу Мамашова 2019-жылы "Балдар жылы" деп жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"30 миңден ашык бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Мигранттардын балдарына көңүл бурулбай калууда. Балдар ата-энелердин ажырашуусунан дагы жабыркап жатат. Кыргыз мамлекетинде бир жылда 40 миң жуп баш кошушса, анын 10 миңи ажырашып жатышат. 94 пайыз бала балдар үйүндө тарбияланууда. Ошондуктан балдардын көйгөйлөрүн эске алуу менен 2019-жылды “Балдар жылы” деп жарыялоону сунуштайм", - дейт ал.