Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылына 1 миллион сомго ат майданы салынды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ат майданы демөөрчүлөрдүн жардамы менен салынган.
"Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү ат майданындагыдай тай казандарды алып келип орноттук. Ат майдандын жалпы аянты 7 гектар, анын айланасы толугу менен тосулду. Мындан сырткары ат майданынын кире беришине темирден аттын башы жасалып, орнотулду", - деп билдиришти администрациядан.
Маалыматта белгиленгендей, ат майданын куруунун негизги максаты улуттук ат оюндарын өнүктүрүү жана өсүп келе жаткан муунду сергек жашоого үндөө болуп эсептелет.