Депутат Таалайбек Масабиров мектеп окуучуларынын сабак учурунда телефон колдонуусуна тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Окуучулар мектепке киргенде өткөрүп берип, окуу бүткөн соң алгандай кылып шарт түзүү зарыл. Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени көзөмөлгө алышы керек. Смартфондор балдардын ден соолугуна зыян келтирет", - деди ал.
Буга чейин депутат Махабат Мавлянова мектеп окуучуларына кыска юбка, макияж, жыртык жынсы, смартфон менен сабакка кирүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.