Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов "Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары Алымжан Хасанов Казакстандын жараны экенин айтып чыкты.
Ал эми “Кыргыз темир жолу” ишканасы бул маалыматты четке кагып, Алымжан Хасанов Кыргыз мамлекетинин жараны экенин, бирок Казакстанда төрөлүп-өскөнүн, кийин Кыргыз жерине келип, иштеп калганын айтышты.
Алымжан Хасанов 2018-жылдын 29-октябрынан тартып “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп иштеп келет. Ал 1964-жылы 27-августта төрөлгөн. Хасанов 1984-жылы Казакстандын Алматы темир жол транспорту техникумун бүтүргөн. Адистиги - темир жолун эксплуатациялоо.
Эмгек жолун Токмок станциясында нөөмөтчү кызматынан баштаган.
1992-1996-жылдары - Токмок станциясынын нөөмөтчүсү;
1996-2001-жылдары - Шопоков станциясынын башчысы;
2001-2005-жылдары - Бишкек-1 станциясынын башчысы;
2005-2007-жылдары - Аламүдүн станциясынын башчысы;
2007-жылы- поезд диспетчери;
2007-2010-жылдары - Поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы ревизорунун орун басары;
2010-2013-жылдары - Маалыматтык-тактоону камсыз кылуу боюнча филиалынын башчысы;
2013-2018-жылдары - Поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы ревизору болуп иштеп келген.