Жалал-Абад мэриясы: "Мындан ары шаар жетекчилигинин уруксаты менен гана журналисттерге маалымат берилет "

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу социалдык тармактарда жарыяланып ага карата ар кандай кайчы пикирлер айтылып жаткан. Аталган буйрукта мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл экендиги жазылган.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясына байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Аталган буйрукта сөз жана басма сөз эркиндигин чектөө же Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын, эркиндиктерин басмырлоо жок. Болгону муниципалдык аймакта жетекчи кызматкерлердин иштөө, жүрүм-турум нормаларын тартипке салуу, маалымат таркатууну иреттештирүү, маалымат коопсуздугун жөнгө салуу аракети көрүлгөн. Ал эми тигил же бул маселелер боюнча маалымат берүүгө тыюу салуу жок, ал жерде макулдашуу тууралуу гана айтылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле мэрия бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок экендигин социалдык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттары коомчулукка аталган буйрукту бурмалап жеткирип жаткандыгын кошумчалады.

"Шаар аймагында бирдиктүү муниципалдык маалымат саясаты бар, ал эми айрым учурда бирдей эле фактыларды кызмат адамдары ар башкача интерпретациялап, маалымат берип коюшууда. Ушундай башаламандыктардын болбошун алдын алып маалымат таркатуу жагынан макулдашып иштөө жагы гана айтылган. Тилекке каршы, аталган маалыматты коомчулукка туура эмес жеткиргендер да болуп жатат", - дешти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2018-11-29 14:29:46
Эл оозунда элек жок деген ушул. Ушак бат тарайт мэрия жооп бергени тастыкталыптыр. Албетте журналисттерге маалымат берүүдө уруксат алуу бардык жерде бар
+1
KAYRATBEK
2018-11-29 16:26:24
Эгерде маалыматты чындап туура таратыш максатында болсо анда жакшы.

Жок бул суроого мындай жооп бересин. Тиги суроого мындай жооп бересин же коз кысты к.т кысты болсо анда ТАГАЕВ эркектин ишин кылбаган болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан