Өкмөт: "2 жарым миң бала иштеп жүрүп, мектепке барбай калган"

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева өкмөт өкүлдөрүнөн мектепке барбай калган балдар тууралуу сурады.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2 жарым миң бала эмгектенип жүрүп, мектепке барбай калганын билдирди.

"Ар бир баланын мектепке баруусуна кам көрдүк. Кээ бир балдар ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албайт жатат", - дейт Өмүрбекова.

Депутат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул убагында берилиши керектигин баса белгиледи.

"Балага жөлөк пул берүү боюнча маселе чоң талкууга түшүп жатат. Балдар биздин келечек. Айрым кесиптештерим сүйүнчү пулду да чектейбиз деп жатышат. Биз жөлөк пул берүүгө бюджеттен акча бөлүп бергенбиз. Бюджетте акча бар. Эмнеге кыскартышыбыз керек? Балага жөлөк, ар бир үй-бүлөгө көмөк. Ошондуктан эч кандай чектөөнүн кереги жок", - деп учурда өлкө аймагында жалпы канча мектеп интернаты бар экенин сурады.

Алтынай Өмүрбекованын айтымында учурда 14 атайын интернат бар. "Жалпы мектеп интернаттарында 2 миң 999 бала тарбияланууда. Ал эми ушул жылдын 1-ноябрына карата 180 миң бала жөлөк пул алып жатат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан