"Манас" аэропорту штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, буга чейин аэропорттун аймагын каптап турган туман тарап мурда кармалган каттамдар ишке ашырыла баштады.
Буга чейин тумандын айынан 7 каттамдын учуп кетүүсү жана 4 каттамдын келүүсү кармалып жаткандыгы белгилүү болгон.
Ошондой эле окурман "ЭЛДИК КАБАРга" да маалымат жиберип, тумандын айынан Бишкекке келе албай, Стамбул аэропортунда калып калгандыгын билдиришкен.