Жалал-Абадда тарбиячы балдарды урган окуядан кийин 19 бала бакчанын кызматкерлери текшерилди

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада балдардын сабалган окуясынан кийин мектепке чейинки билим берүү мекемелерин бир жумалык текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Нурбек Олжобаев маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын аймагында 22 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемеси катталган. Учурда 6 адамдан турган атайын комиссия Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин квалификациялык даярдыгын текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

"Өткөн аптада интернетке тараган видеодон кийин шаардык аткаруу бийлиги бала бакчалардагы адистерди текшерүү иштерин жүргүзүү буйругун чыгарган. Текшерүү иштери 26-ноябрдан бери жүрүүдө, учурда 19 бала бакчанын кызматкерлери толугу менен текшерилип бүттү.

Эртең калган 3 бала бакчаны текшерүү иштери улантылат. Текшерүү иштеринин алкагында муниципалдык бала бакчалардагы документация, кызматкерлердин кесиптик деңгээли, квалификациядан өтүп же өтпөгөнү аныкталууда. Негизи бала бакчаларда иштеген кызматкерлердин баарынын эле педагогикалык билими бар. Айрым учурларда алар атайын окутууларга катышып, тиешелүү кошумча билим алып квалификациясын жогорулатып алышат. Бүгүнкү күнгө чейин текшерилген бала бакчаларда комиссия мүчөлөрү кандайдыр бир туура эмес көрүнүш же тарбиячылар тууралуу терс көрүнүштөр тууралуу маалымат бере элек. Текшерүү иштеринин жыйынтыгы кийинки жумада толугу менен берилет", - деди Олжобаев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, аларды урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан. Бул окуядан кийин тарбиячы жана анын жардамчысы иштен алынып, ал эми бала бакчынын жетекчиси убактылуу ишинен четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AIA-TOO
2018-11-29 20:33:12
Бала бакчага бүт жерине көзөмөлдөөчү камераларды орнотуш керек, ошондо кысыып иштешмек тигиндей заардуу тилдүү Кобралар..
+2
aerforce
2018-11-29 20:48:14
Түштөн кийин кантип текшерди урбайбыз урушпайбыз дейтда барып чайларын ичип эле келиштида камера койуш керек баардык жагына
+1
erjigit-e.15
2018-11-29 21:26:45
Бала бакчада иштегендер бара-бара торо пейил болуп бара жатышат. Тез-Тез алмаштырып туруу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан