Кытайлык кыргыздарды коргоо комитети: "Кытайда 50 миңдей этникалык кыргыз камакта жатат. Биз 2 улуттун ынтымагын каалайбыз"

Кытайда 50 миңдей этникалык кыргыз камакта жатат. Мындай маалыматты кытайлык кыргыздарды коргоо комитетинин өкүлү Алмамбет Осмон уулу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, камалган кыргыздардын саны 50 миңден да көп болушу мүмкүн.

"Мен Кытайда туулгам. Бирок Кыргыз жарандыгын алганыма 15 жыл болду. 2002-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жашайм. Кытайдагы лагерлер тууралуу 2014-жылдан бери айтылып келет. Мен 4 жыл мурда барганда абал кооптуу эле.

Албетте, мен киндик каным тамган жерге терс пикирим жок. Эки өлкөнүн ортосунда достук болушун гана каалайм. Бирок азыркы учурда көпчүлүк түрк тилдүү улуттардын өкүлдөрүн терроризмге айыптап камоо көбөйүп жатат. Аларга карата ар түрдүү кыйноолорду колдонушат.

Биз жашап жүргөн Ак-Чий аймагында 40 миңдей кыргыз болсо, алардын 22 миңи кармалган. Кытайдагы кыргыздардын көпчүлүгү динден алыс жашашат. Билишимче, алардын 5 пайызы жума намаздарга барып турушат. Террорист деп айыптоого негиз жок. Ушундай эле шылтоо менен профессор Мамбеттурсун Мамбетакунов, менин иним, журналист Нурманбет Осмон Кытай бийлиги "тарбиялоо жайлары" деп атап алышкан лагерлерде отурушат.

Биз унчукпай отура албайбыз. Өмүрүбүздү, эркиндигибизди тобокелге салып жатабыз. Кыйноого кабылган кыргыздар тууралуу ачык айтып жаткандыгыбыз үчүн Кытай бийлиги бизди өткөрүп берүүнү талап кылышы мүмкүн. Бирок мафиялык жолдор менен уурдап кетпесе, Кыргыз өлкөсү бизди өткөрүп бербейт деп ишенебиз", - деди Алмамбет Осмон уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BekAmir
2018-11-29 22:21:56
Биздин мамлекет Тен Ата суйлошо албайт. Бизде кытайлар тайрандап журушот. Кыздарыбызды алып тукумубузду бузуп оз саясатын жургузуп атышат
+4
AzKumFerDan
2018-11-29 23:07:27
Бул кытайларга теги эмне керек.Казакн Кыргыз Озбек Уйгурд басым кучопур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан