Депутат Абдывахап Нурбаев бүгүн, 29-ноябрда парламенттик жыйында билим алуу тармагына көңүл буруу зарылдыгын айтты.
"Кыргыз мамлекетиндеги экономикалык абал чет жактагы кыргыз мигранттарынан келген акча менен кармалып турат. Мигранттардан акча келбей калганда эмне кылабыз? Ошондуктан билим берүү тармагына көңүл буруп, жакшы дүйнөлүк окутуу программаларын киргизип, келечектин балдарын тарбиялап чыгуу керек", - деди эл өкүлү.
Ал мугалимдердин айлыгын көтөрүү менен билимдүү жаштарды чыгарууга болот деген пикирин айтты.
"Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү керек, 8 миң сом айлык акы алган окутуучу кантип балага жакшы билим берсин. Бул эң маанилүү маселе, чечүү жолдорун тездетүү зарыл", - деди депутат.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дагы саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына көңүл буруу тапшырмасы коюлганын билдирди.
"Президенттик шайлоо алдында Жээнбеков социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарындагы абалды жакшыртуу боюнча убадаларды берген. Ал убадаларын биргеликте аткарып, учурда дарыгерлердин айлыгын көтөрө баштадык. 2018-жылы бюджетте 157 миллион сом каралган", - деп билдирди премьер-министр.
Ошондой эле билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн, аталган тармакта жаңы реформалар иштелип чыгарын өкмөт башчы кошумчалады.