Профессор Тилектеш Ишемкулов: "Жалал-Абад шаарынын мэринин чечими - демократиялык принциптерди бузгандык"

Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу интернетке чыгып, ага карата ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Аталган буйрукта мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл экендиги жазылган.

Бул боюнча SUPER.KG порталы "Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин деди. Бул жарандардын маалыматка болгон укугун чектөө эмеспи?" деген соболуна профессор Тилектеш Ишемкулов жооп берди.

Ал маалымат мэрдин уруксаты менен берилсин деген чечим шаар башчылыгынын кетирген одоно кемчилиги катары баалады.

"Мэр учурдагы коомдук-саясий кырдаалды жакшы түшүнбөсө керек. Эч качан, эч кайсы жерде президент болобу, император болобу же канцлерби журналисттердин эркин сүйлөөсүнө тыюу салууга акысы жок. Адамдардын укуктарынын бүткүл дүйнөлүк декларациясы деген документ бар. Ошол жерде айтылган сөз эркиндиги жана журналисттин эркиндигине кеңири жол ачылат. Цензура түп тамыры менен жоюлат деген кеп бар. Кыргызда "Жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө" мыйзамды 1992-жылы кабыл алышкан. Ошондо биздин өлкөдө сөз эркиндигине толук жол ачылат деп жазылган. Демек, бул Жалал-Абад шаарынын мэринин чечими демократиялык принциптерди бузгандыгы деп эсептелет. Анын өзүнүн, кол алдындагы кызматкерлеринин тыюу салууга акысы жок. Бул анын көз карашынын тайкылыгынан кабар берет. Журналисттер ар кандай мамлекеттик, коомдук уюмдарга кирүүгө, ар кандай маселелер боюнча маалымат алууга, алар тууралуу жазууга акылуу деп жазылган", - деди Тилектеш Ишемкулов.

Коомдук ишмерлер Абды Сатаров, Эмил Үмөталиев, журналисттер Нарын Айып, Санрабия Сатыбалдиева, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан