Интернетке Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын унаасын жолдо токтоп турган жеринен эвакуатор алып кетип бара жаткан сүрөт тарап талкууга алынууда. Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматкери бул сүрөт боюнча төмөнкүчө түшүндүрмө берди.
"28-ноябрда Ош шаарындагы Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо кызматынын унаасын эвакуатор алып кеткен. Аны техникалык абалына байланыштуу эвакуатор менен алып кетүүгө туура келген. Бул жерде жол эрежесин бузуу фактысы болгон эмес", - деди басма сөз кызматкери.