Жалал-Абад шаарынын аймагында 22 муниципалдык жана 7 менчик бала бакча катталган. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 5 миң 90 бала тарбияланат. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG'ге Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Нурбек Олжобаев билдирди.
"Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган 5 миң 90 баланын ичинен 3 миң 493ү муниципалдык бала бакчага барса, калганы менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барышат. Аталган бала бакчаларда 152 тарбиячы жана 152 тарбиячынын жардамчылары иштейт, анын ичинен 10го жакыны тазалык кызматкерлери", - дейт Олжобаев.
Айта кетсек, 21-ноябрда интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, аларды урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Бул окуядан кийин атайын комиссия Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин квалификациялык даярдыгын текшерүү иштерин жүргүзө башташкан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан. Бул окуядан кийин тарбиячы жана анын жардамчысы иштен алынып, ал эми бала бакчынын жетекчиси убактылуу ишинен четтетилген.